Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №222
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 26-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык кеңешинин «Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Касымов Равшанбек Осмоналиевич Ош шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси К.Камчиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |