Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-октябры № 13/2
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ылай-Талаа айылдык аймагынын ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ылай-Талаа айылдык аймагынын ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ылай-Талаа айылдык аймагынын ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага
| Н.Жолдошов
|