ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI-чакырылыштагы ) XIV-сессиясы
2019-жылдын 26-ноябры № 14/2
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган бюджетинен Ылай-Талаа айылындагы Өмөш Абдылдаев атындагы орто мектебинин имаратынын чатырын капиталдык ремонттон өткөрүүгө айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31- “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2- “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылындагы Өмөш Абдылдаев атындагы орто мектебинин имаратынын чатырын капиталдык ремонттон өткөрүүгө айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 553 955 ( беш жүз элүү үч миң тогуз жүз элүү беш ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У.Ажимаматов) тапшырылсын.
Төрага
| Н.Жолдошов
|