Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 15/1
Кара-Кулжа райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык кеңешине Ылай-Талаа айылдык кенешинин аймагындагы айылдардын элдик жыйындарынан Кара–Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдору 2019-жылдын 10-декабрындагы Ылай-Талаа айылындагы Р.Сатыбаев атындагы көчөсүнүн шайлоочуларынын № 1, 2019-жылдын 11-декабрындагы Ылай-Талаа айылындагы Ж.Жусупов атындагы көчөсүнүн шайлоочуларынын № 1, 2019-жылдын 11-декабрындагы Ылай-Талаа айылындагы М.Абдыкадыров атындагы көчөсүнүн № 2, 2019-жылдын 11-декабрындагы Ылай-Талаа айылындагы Р.Сатыбаев атындагы көчөсүнүн шайлоочуларынын № 2 жана 2019-жылдын 10-декабрындагы Сай айылынын элдик жыйынынын № 5 протоколдорун карап көрүп, угуп жана талкуулап, Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин аймагындагы айылдардын элдик жыйындарынан көрсөтүлгөн жогорудагы протоколдору бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айылдык Кенешинин аймагынан Кара–Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине сунуш кылынган Ылай-Талаа айылдык кенешинин № 15/1 токтомунун № 1-тиркемесиндеги талапкерлерди Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Карабаев) тапшырылсын.
Төрага
| Н.Жолдошов
|