Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-январы № 16/1
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү тууралуу 09.01.2020-жылы келтирилген № 11-21-20 чыгуу санындагы сунушту кароо жөнүндө
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын кайрылуу катынын негизинде “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Ылай-Талаа айылдык Кеңешинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Н.Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүүдө аныкталган мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн айылдык Кеңештин депутаттары Казматов Нурмухаммед Каныбекович, Ажимаматов Улукбек Саткынбаевич, Мамазайиров Данияр Султамаматович, Мурзалиев Эрмек Бапаевич, Карабаев Садык, Замирбек уулу Таштемир, Акыев Жыргалбек Раимбекович, Жолдошов Нурбек Жапашович, Осмоналиев Бейшен Токтогулович, Маметов Кулмат Шакенович, Төрөгелдиева Бурулкан Калиловна, Райымкулов Марс Камчыбекович, Сейдаматов Бердибай Баданович, Намашамов Теңдик Жуманазарович, Орозбаев Мамажан Мамашовичтерге жана калган депутаттары эскертилсин жана аларга мындан ары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, анын ичинде жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарынын бузулушуна жол бербей, сакталышын камсыз кылуу жана Мыйзам талаптарын так аткаруу жагы милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Карабаев) тапшырылсын.
Төрага
| Н.Жолдошов
|