Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-июну № 19/1
Чаувай айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек арасын тактоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Респубилкасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы
№13-7/11 токтомунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 29-мартындагы №1-5/89б жана Чаувай айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы №02-11/45 буйругунун негизинде, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын жер фондун инвентаризациялонун баяндамасын карап жана талкуулап Чаувай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдары бекитилсин.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Чаувай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага
| Ж.Тешебаев
|