Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 22/2
Чаувай айыл аймагындагы Б.Кулбаев орто мектебинин аймагынан кичи фудболдук аянтчасын курууга уруксат берүү жөнүндө
Чаувай айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган 22-сессиясынын күн тартибиндеги маселени карап чыгып, талкуулап Чаувай айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айыл аймагындагы Б.Кулбаев орто мектебинин аймагынан 968,0 чарчы метр жерге кичи фудболдук аянтчасын курууга уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтү тийиштүү иш кагаздарын даярдап берсин.
3. Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тиешелуу иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| Ж.Тешебаев
|