Редакцияот 16.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин (VII-чакырылыштагы ) XXXII -сессиясы

 

2019-жылдын 16-декабры № 4

Жер салыгынын базалык ставкаларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жайыт жерлерге 1га жер аянты үчүн 0,5% же (12 сом 90 тыйын) болуп бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы туруктуу комиссияга сунушталсын.

3. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

 

Т.Өзүбеков