Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 4
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушу жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылына Фельдшер-акушердик пунктун куруу долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 15% ды, 481021 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдарынын өлчөмү 79929 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты 2020-жылы жергиликтүү бюджетинен долбоор ишке ашып калса бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага
| Т.Өзүбеков
|