Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 5
Жаңы-Жол айыл өмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалды актыларын каттоо департаменти жана Жаңы-Жол айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергеиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Абдывалы кызына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
| Т.Өзүбеков
|