Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-марты № 7
Достук айыл аймагындагы сел кыян жүрүүчү арыктарды казуу боюнча күйүүчү май бɵлдүрүү жɵнүндɵ
Достук айыл аймагындагы Алтын-Бешик жана Келечек кɵчɵлɵрүнүн жазгы сел агындарын алдын алуу максатында Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин XVII чакырылышындагы III кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагында 2019-жылга ɵзгɵчɵ кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттердин жоюу максатында, 2019-жылдын 22-март күнү Достук айыл аймагына КР ϴКмнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жумушчу комиссиясынын кыдыруусунун негизинде Достук айылынын күн чыгыш түштүк тарабындагы тоо этектериндеги коктулардан түшкɵн агын суулардын кесепетин алдын алуу максатында Алтын-Бешик жана Келечек кɵчɵлɵрүнɵн болжолдуу 700 метр, ал эми айылдын үстүнкү бɵлүгүнɵн 300 метр аралыкта сел агындары ɵтүүчү арык казуу иштерине уруксат берилсин.
2. Аталган казуу иштерине керектелүүчү жетишээрлик күйүүчү май бɵлүп берүү жагы КР ϴКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан суралсын.
3. Достук айыл ɵкмɵтүнүн башчысы казуу иштерин жүргүзүүдɵ атайын экскаватор техникасынын эмгек акысын тɵлɵп берүүгɵ 2019-жылга бɵлүнгɵн бюджеттин эсебинен каржылансын.
4. Селден корголуучу арык казылууда Жан-Булак айыл аймагына караштуу болгондуктан казуу жумуштарын жүргүзүүгɵ Жан-Булак айыл ɵкмɵтү менен макулдашсын.
5. Бɵлүнгɵн күйүүчү майды жана бɵлүнгɵн акча каражаттарын максаттуу пайдалансын жана кɵзɵмɵлдɵп тез арада иш чараларды уюштурсун.
6. Бул токтомду аткарууну кɵзɵмɵлгɵ алуу жагын ɵзүмɵ калтырам.
Төрага
| К.Өмүрканов
|