Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 15
Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵгү социалдык маселелер боюнча адис кызмат ордун келишим менен штаттык бирдигин бекитүү жɵнүндɵ
Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн социалдык маселелер боюнча адис кызмат ордун келишим менен штаттык бирдигин бекитүү боюнча депутаттардын Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин XVII чакырылышындагы XI кезексиз сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин кɵлɵмүн эсептɵɵнүн убактылуу методикасын бекитүү жɵнүндɵ” жана Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ɵнүгүү министрлиги жɵнүндɵ Жобонун” негизинде Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵ 15-август 2019-жылга карата социалдык маселелер боюнча адис кызмат ордун келишим менен штаттык бирдиги бекитилсин.
2. Сметада каралаган акча каражаты мɵɵнɵтүнɵн кечиктирилбей тɵлɵп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ɵнүгүү министрлигинен жана Финансы министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Төрага
| К.Өмүрканов
|