Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры № 17
Достук айыл аймагынын 2018-жылдан 2019-жылга калган акча каражатын пайдалануу жɵнүндɵ
Достук айыл аймагынын 2019-жылдын жыл башында калган акча каражатынын сметасын бекитүү боюнча айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Сейдилдаев Максатбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы XIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга жыл башында калган калдык 46 100 сомдун сметасы тɵмɵндүгɵдɵй бекитилсин:
Гос регистрге муниципалдык жерлерди менчикке алууга китеп жасатуу -36 400 сом. Достук айыл ɵкмɵтүнүн айылдык Кенешинин ардактуу атуулун жана Достук айыл ɵкмɵтүнүн ардак грамоталарын ыйгарууга -9700 сом.
Бюджеттик эсепте жыл башында калган калдыктын сметасын киргизип берүү жагы
КРФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышы кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Достук айыл аймагынын башчысы М.Сейдилдаевге жана Достук айыл аймагынын финансы бɵлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Төрага
| К.Өмүрканов
|