КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 13-сентябры ПЖ № 377 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ № 8 Түндүк жана № 20 Аксы бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча чыгып калгандардын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 46-статьясынын 6-пунктунун3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө"
Кодекстин69-статьясынын 7-пунктуна ылайык токтом кылам: 1. № 8 Түндүк жана № 20 Аксы бир мандаттуу аймактык шайлоо округ-дары боюнча чыгып калгандардын ордуна Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2005-жылдын 27-ноябрына дайын-далсын. 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык камсыз кылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - аталган шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү финансылоо маселесин чечсин; - шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-гыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсызкылсын. 4. Бишкек шаарынын мэриясы, Жалалабат областынын Аксы районунунмамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-дары шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелердичечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев