Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №34/4
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн 9 айдын жыйынтыгы боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 17-беренесинин 4-пунктуна таянып, Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн биринчи 9 айлыкта аткарылышы боюнча Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 9 айлыкка карата айыл өкмөтүнүн экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрлөрү боюнча кабыл алынган пландар айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндө бюджеттин киреше бөлүгүнө салык жана салык эмес жыйымдарды топтоодо белгиленген план божомолдордун жалпы көрсөткүчүн жылдын жыйынтыгында толук аткаруу жагы, айыл өкмөтүнүн салык кызматкеринин милдетин аткаруучу С.Жээмуратовага милдеттендирилсин.
3. 2019-жылдын жыйынтыгына карата бардык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын жыйынтыктоо, кабыл алынган пландарды толугу менен аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |