Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №34/5
Тогуз-Булак айылынын тургундары Ы.Осмонова жана А.Шадыбекованын арыздары боюнча
Тогуз-Булак айылынын тургуну Ы.Осмоновнын бир тууган сиңдиси Индияга барып боорунан операция жасатып келүүгө жана Тогуз-Булак айылынын тургуну А.Шадыбекованын уулун Москвадан операция жасатууга жардам берүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бекитилген сметасынын 710 (социалдык коргоо) бөлүмүнө үнөмдөлгөн бөлүмдөрдөн акча каражатын жылдырып Тогуз-Булак айылынын тургундары Ы. Осмоновага 12000 (он эки миң) сом жана А.Шадыбековага 10 000 (он миң) сом бөлүп берүү жагы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Тоотаева Назгүлгө милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |