Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №34/7
Арал, Тогуз-Булак жана Кең-Жылга айылдарына сугат суу үчүн суу сактагыч куруу боюнча
Арал, Тогуз-Булак жана Кең-Жылга айылдарына сугат суу үчүн суу сактагыч куруу боюнча Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал, Тогуз-Булак жана Кең-Жылга айылдарына сугат суу үчүн Суу Сактагыч куруу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп, проектисин жасатууга макулдук берилсин.
2. Арал, Тогуз-Булак жана Кең-Жылга айылдарына сугат суу үчүн суу сактагыч курула турган жер кыртышын изилдетип, долбоору (проектиси) жасатылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Тоотаевага жана айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |