Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-февралы № 57
Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Э. Кыргызбаевдин арызы жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХVI кезексиз сессиясында каралган Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Э.Кыргызбаевдин арызын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын ХVI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Э.Кыргызбаевке Ак-Жар айыл аймагына тиешелүү «Бакал Булак» жайытынын «Сары Камыш» жана «Үч Чат» участкасындагы эски кыштоодогу бузулган тамдын ордуна там салып мал багууга уруксаат берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап бөлүп берүү жана тиешелүү документер менен камсыз кылуу, келишим түзүү боюнча иш алып баруу Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Мокелен уулу Солтонбекке жана Нурбек уулу Чынгызга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |