Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8- февралы № 59
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн счетунда 2018-жылдын бюджетинен 1-январь 2019-жылга калдык болуп калган 1075014 сом 14 тыйынга жана атайын счетто калдык болуп калган 32122 сом 75 тыйын акча каражатына кошумча план бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XVI кезексиз сессиясында 1-январь 2019-жылга калган 1075014 сом 14 тыйын акча акча каражатына жана атайын счетто калдык болуп калган 32122,75 сом акча каражатын чыгымдоо боюнча Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Кадыркуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XVI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2019-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн счетунда жана атайын счетто калдык болуп калган акча каражаттар төмөндөгү максаттарга жумшалсын.
1. Жаңы имарат куру үчүн ПСД ж.б. документерин бүткөрүү үчүн 150000 сом.
2. Айылдык кеңештин төрайымынын эмгек акысына 10904 сом анын ичинен эмгек акысына 9300 сом, социалдык фонд үчүн төлөмүнө 1604 сом.
3. Ак-Жар айылына светофор койдуртуу үчүн керектүү материалдарды сатып алуу жана коюп берүү кызматы үчүн 70000 сом.
4. Канцелярдык товарларды алуу ж.б. кызматтар үчүн 25000 сом.
5. Пылесос алуу үчүн 8000 сом.
6. Мектептин көмүрканасын ремонттоо үчүн 50000 сом.
7. Айыл өкмөтүнө тиешелүү социалдык обьектилерди камсыздандыруу кызматы үчүн 20000 сом.
8. ГФРЭ аркылуу келген жасалма уруктандыруу шаймандарын айыл өкмөтүнүн карамагына алып келишим түзгөн айыл өкмөтүнүн мурунку ветеринардык кызматкеринин карызын төлөп берүү үчүн 57000 сом.
9.Таштанды төгүүчү жай жана башка соттун чечими боюнча айыл өкмөтүнө салынган штрафтарды төлүү үчүн 24000 сом.
10. Балдар-бакчасына камера орнотуу үчүн 100000 сом.
11. Балдар бакчасына келген япон гранттын өздүк салымы үчүн 50000 сом.
12. Мектептин айланасын тосуу үчүн 200000 сом.
13. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга имарат куруу үчүн 255110 сом.
14. Китепканага компьютер алуу үчүн 25000 сом.
15. Балдардын тамак-ашына (атайын каражат) 32122 сом.
16. Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго тапшырылсын.
17. Токтомдо көрсөтүлгөн сметаны бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
Төрага | С. Аттокурова |