Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25- марты № 60
Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Р.Дюшембиевдин арызы жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХVII кезексиз сессиясында каралган Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Р.Дюшембиевдин арызын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын ХVII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Р.Дюшембиевге Ак-Жар айыл аймагына тиешелүү «Чон-Ноот» участкасындагы 0,10 га жер аянтына электр чубалгысын өткөрүү үчүн трансформатор коюууга уруксаат берилсин
2. КР нын мыйзамдарына ылайык жер аянтын чектерин аныктап, чечим чыгарып берүү жана тиешелүү документер менен камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана айыл чарбасы боюнча башкы адис Ж.Жунусовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |