Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24- апрели № 61
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХVIII кезексиз сессиясында каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» дорборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизиндеги маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын ХVIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 4-апрель 2017-жылдагы №30-б буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын 24-апрелиндеги 2019-жылдагы Актысы бекитилсин (Акт тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтънън башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизъъ айыл өкмөтънън жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |