Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24- апрели № 62
Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Телгозиев Шайлообектин арызы жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын XVIII кезексиз сессиясында каралган Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Ш.Телгозиевдин арызын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Ш.Телгозиевке Ак-Жар айыл аймагына тиешелүү Кара-Тоо өрөөнүндөгү «Үч-Чат» участкасындагы эски жер төлөнү ордуна жаңы жер төлө салып жалпы аянты 0,5 сотых жер аянты менен отурукташып мал багууга уруксаат берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап бөлүп берүү жана тиешелүү документер менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж.Жунусовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |