Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24- апрели № 64
Ак-Жар айыл аймагынын «Ак-Жар-Нуру» жамаатынын сунушу жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын XVIII кезексиз сессиясында каралган Ак-Жар айыл аймагынын «Ак-Жар-Нуру» жамаатынын сунушун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү «Бизнес Центр» имаратын «Регионду өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагынд Ак-Жар айыл аймагынын «Ак-Жар-Нуру» жамаатынын убактылуу 5 (беш) жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
2. «Бизнес Центр» имаратын ижарага алуу мөөнөтүнө ар бир жыл үчүн 1000 (миң) сом ижара акысын төлөө жагы милдеттендирилсин жана айыл өкмөтүнүн эсептик счетуна которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |