Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-апрели № 65
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган бюджеттен тышкары жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн дагы башка төлөмдөрдөн түшкөн акча каражатына кошумча план бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезексиз сессиясында 2019-жылга каралган бюджеттен тышкары жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн дагы башка төлөмдөрдөн түшкөн 232500 сом акча каражатына кошумча план бекитүү боюнча Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Максат. Кадыркуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Бюджеттен тышкары жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн дагы башка төлөмдөрдөн түшкөн акча каражат төмөндөгү максаттарга жумшалсын.
2. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга имарат куруу үчүн 232500 сом.
Төрага | С. Аттокурова |