Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24- апрели № 66
Ак-Талаа айыл аймагынын тургуну Ж.Айдаралиевдин арызы жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын XVIII кезексиз сессиясында каралган Ак-Талаа айыл аймагынын Ж.Айдаралиевдин арызын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү Көбөргөн-Сай чөлкөмүндөгү «Жашыл долбоор» долбооруна бөлүнүп берилген 2,0 га жер аянтын Ак-Талаа айыл аймагынын тургуну Ж.Айдыралиевке 5 (беш) жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин жана келеерки 5(беш) жылдык мөөнөткө узартуу жагы каралып берилсин.
2. Көбөргөн-Сай чөлкөмүндөгү 2,0 га жер аянтынын иригациялык маселесин өз эсебинен чечүү жагы жана ижарага алуу мөөнөтүнө ар бир жыл үчүн 3000 (миң) сом ижара акысын айыл өкмөтүнүн эсептик счетуна которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |