Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну №67
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кенешинин VI чакырылышынын XХХХ кезексиз сессиясынын 2016-жылдын 9-июнундагы №18 токтомун жокко чыгаруу боюнча
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын XIХ кезексиз сессиясында каралган «Ат-Башы кирпич заводу» жоопкерчили чектелген коомунун арызын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын Ноот участкасынан «Ат-Башы кирпич заводу» жоопкерчили чектелген коомго кирпич заводун куруу үчүн жана өндүрүшкө кирпич чыгаруу үчүн 5,0 га жер аянты бөлүп берүү боюнча Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кенешинин VI чакырылышынын XХХХ кезексиз сессиясынын 2016-жылдын 9-июнундагы №18 токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү, мамлекетик укук чененмдик актылар реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |