Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну №68
Ак-Жар айылындагы «Ноот» участкасына Кирпич завод куруу үчүн 2,0 га жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын XIХ кезексиз сессиясында каралган «Ат-Башы кирпич заводу» жоопкерчили чектелген коомунун арызын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамынын 16-беренесине ылайык Ак-Жар айыл аймагына караштуу «Ноот» участкасындагы №1167 контурунда жайгашкан 2,0 га жер аянтына кирпич завод куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлери» категориясынан «+нөр жайы, транспорт, байланыш, коргоо жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү, мамлекетик укук чененмдик актылар реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |