Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну № 73
Ак-Сай өрөөнүндөгү Беттеш участкасындагы эски мал жандыктарын жугуштуу ылаңдардан коргоочу парозитардык купкалоочу ваннаны капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын XIХ кезексиз сессиясында каралган Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагына тиешелүү Ак-Сай өрөөнүндөгү Беттеш участкасындагы эски мал жандыктарын жугуштуу ылаңдардан коргоочу парозитардык купкалоочу ваннаны капиталдык ремонттон өткөрүү айыл өкмөтүнүн эсебинен жүргүзүлсүн жана айыл өкмөтүнүн балансына кириштелсин.
2. Парозитардык купкалоочу ваннаны капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко жана Ак-Жар жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин тармактык комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү, мамлекетик укук чененмдик актылар реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
5. Ак-Жар айылдык Кенешинин төрайымы: С.Аттокурова
Төрага | С. Аттокурова |