Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну № 74
Ак-Жар айыл аймагындагы Ак-Кокту чөлкөмүндөгү таштанды төгүүчү жайга түзүлгөн келишимдин шарттарын кайра кароо жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын XIХ кезексиз сессиясында каралган Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагындагы Ак-Кокту чөлкөмүндөгү таштанды төгүүчү жайга түзүлгөн келишимдин талаптарын толук кандуу аткаруу Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан төгүлүп жаткан таштандыларды ирээтке келтиртүү боюнча иш алып баруу жагы Ак-Жар айылдык жайыт комитетинин төрагасы Мокелен уулу Солтонекке милдеттендирилсин.
3. Нарын облустук экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан төгүлүп жаткан таштанды боюнча салынган айып пулду Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүн түзүлгөн келишимдин негизинде аткаруу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин тармактык комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү, мамлекетик укук чененмдик актылар реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |