Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну № 75
Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-124-19 сандуу каршылыгын кароо боюнча
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын XIХ кезексиз сессиясында каралган Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-124-19 сандуу каршылыгын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылдык кенешинин VI чыкырылышынын 2016-жылдын 12-февралындагы №4 токтому, Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндөгү» кодексинин 29-беренесинин ылайык жана Ат-Башы райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 30 майындагы №11-124-19 сандуу каршылыгынын негизинде жокко чыгарылсын
2. Ак-Жар айыл өкмөтү жана Ат-Жайлоо кооперативи ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу жана мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж.Жунусовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин тармактык комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү, мамлекетик укук чененмдик актылар реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |