Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу №77
Ат-Башы айылынын тургуну Т.Сыдыковдун арызы жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХХ кезектүү сессиясында каралган Ат-Башы айлынын тургуну Т.Сыдыковдун арызын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХХ кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылыны тургуну Т.Сыдыковко Ак-Жар айыл аймагына тиешелүү Жалгыз-Булак чөлкөмүндөгү 5,0 га жер аянты жашылдандыруу жана канаттууларды өстүрүү максатында 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарга берилсин.
2. Жалгыз-Булак чөлкөмүндөгү 5,0 га жер аянтынын иригациялык маселесин өз эсебинен чечүү жагы жана ижарага алуу мөөнөтүнө ар бир жыл үчүн 5000 (беш) миң сом ижара акысын айыл өкмөтүнүн эсептик счетуна которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү, мамлекетик укук ченемдик актылар реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |