Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу №78
Ак-Жар айылдык жайыт комитетинин билдирүүсү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХХ кезектүү сессиясында каралган Ак-Жар жайыт комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХХ кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар жайыт комитетинин төрагасы С.Мокелен уулуна ишинде кетирген кемчилиги үчүн «Эскертүү» тартиптик чарасы берилсин.
2. Сары-Гоо чөлкөмүндө алыскы жайлоого көчпөй калган малчыларды көчүрүү боюнча иш аракетерди көрүү жана ирээтке келтирүү, жайкы керектөөгө алып калынган малдын саны келишимге ылайык келтирүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү, мамлекетик укук ченемдик актылар реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Аттокурова |