Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу № 79
2019-жылдын 17-июлу №79 Ак-Жар айылы Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-2022-жылдарга карата бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХХ кезектүү сессиясында каралган Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-2022-жылдарга бюджетинин болжолдуу долбоорунун сметасын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХХ кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2021-2022-жылдарга карата болжолдуу бюджетинин (прогноз) долбоорунун сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Аталыштары | Жылдары | |||
2019 | 2020 | 2021 | 2022 | ||
1 | Бюджеттик киреше | 4633,6 | 4633,0 | 4779,8 | 4933,2 |
2 | Тендештирилген грант | 4886,2 | 5003,6 | 4883,9 | 5616,5 |
3 | Жалпы киреше | 9519,8 | 9636,6 | 9663,7 | 10549,7 |
2. Жогорудагы аталган бюджеттик кирешенин, гранттын 2019-2020-2021-2022-жылдарга карата болжолдуу долбоору түзүлгөн сметанын негизинде бекитилсин.
3. Бул токтомду аткаруу Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы башкы бухгалтер Т.Аттокуровко милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү, мамлекетик укук ченемдик актылар реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Осмонов |