Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-августу № 80
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисинин кызмат ордунун штаттык бирдигинин сметасын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХХI кезексиз сессиясында каралган Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисинин кызмат ордунун штаттык бирдигинин сметасын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХХI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» өзүн өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Ак-Жар айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишими бекитилип берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине жараша кызмат ордуна калтырылсын жана бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы бухгалтери Т.Аттокуровко милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Осмонов |