Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-августу № 81
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине республикалык бюджеттен айыл аймагынын башкы планын чийдирүү боюнча келип түшкөн 1,0 млн акча каражатын кароо жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХХI кезексиз сессиясында каралган Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине республикалык бюджеттен айыл аймагынын башкы планын чийдирүү боюнча келип түшкөн 1,0 млн акча каражатын кароо жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХХI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине республикалык бюджеттен айыл аймагынын башкы планын чийдирүү боюнча келип түшкөн 1,0 млн акча каражаты айылдын башкы планын чийдирүү үчүн которулуп берилсин.
2. Айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинде бекитилген айыл аймагына инклюзивдүү балдарды окутуу борборун курууга каралган акча каражатынан 300,0 мин сом акча каражаты айылдын башкы планын чийдирүүгө каралып берилсин.
3. Айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинде бекитилген айыл аймагына инклюзивдүү балдарды окутуу борборун курууга каралган акча каражатынан 5000 мин сом акча каражаты бузуулар боюнча айыл аймагына протокол алууга каралып берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы бухгалтерине Т.Аттокуровко милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Осмонов. |