Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 113
Өзгөн районунун прокурорунун 2019-жылдын 7-августундагы № 11-1287-19-сандуу жазылган каршылык билирүүсүнүн негизинде “Айыл өкмөтүнүн аймагынын Торгой участкасында жайгашкан көмүр кендеринен жеке ишкерлер тарабынан Ак-Терек айылындагы муниципалдык көпүрөдөн көмүр жана башка оор жүк ташып өтүп жаткан автоунаалардан акы алуу жөнүндөгү” Салам-Алик айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-майындагы № 104-токтомун 2-пунктун жокко чыгаруу жөнүндө
Өзгөн районунун прокурорунун текшерүүсүнүн негизинде 2019-жылдын 7- августундагы № 11-1287-19-сандуу жазылган каршылык протестине ылайык “Айыл өкмөтүнүн аймагынын Торгой участкасында жайгашкан көмүр кендеринен жеке ишкерлер тарабынан Ак-Терек айылындагы муниципалдык көпүрөдөн көмүр жана башка оор жүк ташып өтүп жаткан автоунаалардан акы алуу жөнүндөгү” Салам-Алик айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-майындагы № 104-токтому чыккан.
Текшерүүдө Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын 2-1 беренесинде көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурда ишкердик субьектеринин иштерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кийлигишпестиги жана мыйзамдарда белгиленбеген төлөмдөрдү белгилөө жана алууларына жол бербөө жөнүндөгү талаптарына карама-каршы келгендиги көрсөтүлгөн.
Өзгөн районунун прокурорунун 2019-жылдын 7-августундагы № 11-1287-19-сандуу жазылган каршылык билирүүсүн аткарууга жана жетекчиликке алып Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарына карама-каршы келгендиктен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагынын Торгой участкасында жайгашкан көмүр кендеринен жеке ишкерлер тарабынан Ак-Терек айылындагы муниципалдык көпүрөдөн көмүр жана башка оор жүк ташып өтүп жаткан автоунааларды каттоо жана акы алуу жөнүндөгү” Салам-Алик айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-майындагы № 104 токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Таштемиров |