Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 115
Салам-Алик айыл өкмөтү менен Өзгөн токой чарбасынын чек араларын тактоо учурунда макулдашылган жер аянттарын алмаштыруу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Өзгөн токой чарбасынын 2019-жылдын 29-июлундагы № 01-5-121-сандуу “Салам-Алик айыл өкмөтү менен Өзгөн токой чарбасынын чек араларын тактоо учурунда макулдашылган жер аянттарын алмаштыруу жөнүндөгү” кайрылуу катын талкууга алып,
Салам-Алик айыл кеңешинин 6-чакырылышын кезексиз 20-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жыл ичинде Кыргызгипрозем жана Токойлорду жайгаштыруу мекемесинин ортосунда айыл өкмөттөрдүн жана токой чарбанын чек араларын тактоо учурунда эки тараптын жетекчилеринин жана атайын түзүлгөн комиссиясынын макулдуктарынын негизинде:
-Салам-Алик айыл өкмөтүнүн
Салам-Алик айылындагы калктуу
конуш жайгашкан жер -3,34 га калктуу конуш жер;
-Кудук участкасынан -1,43 га калктуу конуш жер;
-Токон-Ой участкасынан -36,3 га чөп ормо жер;
жалпы аянты 41,07 га Өзгөн токой чарбасы фондусунун жерлерин Салам-Алик айыл өкмөтүнүн балансына алмаштырылып өткөрүлүп алынсын.
2. Салам-Алик айыл өкмөтү алмаштырылып өткөрүлүп алынган жер аянтынын ордуна Дарбаза участкасынан 41,07 га жайыт жерин Өзгөн токой чарбасынын балансына өткөрүлүп берилсин.
3. Тиешелүү юридикалык документтерди даярдоо Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына жана Өзгөн токой чарбасынын дирекциясына тапшырылсын.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |