САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырманчы сессиясы
2019-жылдын 15-августу № 116
Салам-Алик айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдарын карап Салам-Алик айыл кеңешинин 6-чакырылышын кезексиз 20-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 14.03.2019-ж № 8-сандуу токтому менен бекитилген жумушчу комиссиясынын айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары жана 15-август 2019-жыл жер фондусун инвентаризациялоо боюнча актысынын негизинде бекитилсин.
2. Салам-Алик айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдарын бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |