Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 117
Салам-Алик айыл аймагынын айыл конуштарынын чегин тактоо жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Салам-Алик айыл аймагынын айыл конуштарынын чегин тактоо боюнча иш кагаздарын карап чыгып Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Салам-Алик айыл аймагынын айыл конуштарынын чегин тактоо боюнча иш кагаздары чек араларды тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.
2. Жогорудагы токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |