Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 118
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айлык планынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетине план бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Нуралиеванын сунушун эске алып, Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-кварталынын киреше бөлүгүнүн планына республикалык бюджеттен келип түшкөн 2000,0 (эки млн) сом акча каражаты киреше жана чыгаша бөлүктөрүн төмөндөгү статьяларына 2000,0 (эки млн) сом планга отургузулуп Салам-Алик айылындагы бала-бакчанын курулушуна жумшалсын:
ЖКХ 3111 статьясынан +2000,0 (эки млн) сом;
2. ЖКХ бөлүкчөсүнүн 2215 статьясынан 150,0(жүз элүү миң) сом, соц.коргоо бөлүкчөсүнөн 2721 статьясынан 50,0(элүү миң) сом акча каражаттары айыл чарба бөлүкчөсүнүн 3112 статьясына 200,0(эки жүз миң) сом жылдырылсын:
Айыл чарба 3112 статьясына +200,0(эки жүз миң) сом;
ЖКХ 2215 статьясынан -150,0 (жүз элүү миң) сом;
Соц.коргоо 2721 статьясынан -50,0 (элүү миң) сом;
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |