Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры № 31-1
2019-жылга карата айыл аймагындагы муниципиалдык имараттардын электр энергиясынын лимитине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылга карата айыл өкмөтүнүн жолдорун жарыктандыруу максатында жол жарыткычтардын саны көбөйүп, “Көк-Жар” гимназия класстары бар инновациялык мектеби, “Каранай” толук эмес орто мектеби, “Алашан” орто мектеби, “Дедек-бүбү” башталгыч мектептери ысык тамак-аш программасына өтүп, тамак-аш жасоочу жогорку кубаттагы электр жабдыктары алынып, М.Мамытов атындагы “Жийде” орто мектебине кошумча мектепке чейинки билим берүү бөлүмү ачылгандыгына байланыштуу электр энергиясын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнунда чыгарылган №208-токтомунда каралган лимиттен ашыкча коротулушу күтүлүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 3-главасынын 17-18- беренелерине негиз депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу жалпы электр энергия пайдалуучу субьектилердин лимитине 140 квт, башкача айтканда 352,8 (үч жүз элик эки миң сегиз жүз) сом акча каражатынын негизинде өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Мындар ары электр энергиясын бекитилген лимиттин чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге, айыл өкмөтүнүн электр кызматкери Б. Жакыповго жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Жалпы электр энергия пайдалуучу субьектилердин короткон электр энергиясынын төлөмдөрүн төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |