Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры № 32-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жашоочуларынын атанан жазылган арызыды кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жашоочуларынын арызы айылдык кеңештин сессиясында уктурулуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүдөгү мыйзамына ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургундарынын арызы боюнча айыл өкмөтүнүн сунушу эске алынсын.
2. Жийде айылынын тургундарынын арызынын негизинде, Жийде айылында жайгашкан «Жийде-Бурак» балдар бакчасынын жанындагы 0,15га жер тилкесинин 2005-жылдын 25-августундагы №235-токтому Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чыккан токтомдун күчү барында салынган имараттын курулушун буздурбоо талабы айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан мыйзам чегинде тийиштүү органдарга сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |