КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы
2019-жылдын 12-ноябры № 32-4
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жанында жайгашкан сейил багына Турдуев Келдибайдын ысымын коюу жөнүндө
Көк-Жар аыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын жашоочуларынын арызын жана бул тууралуу Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамына ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын жашоочуларынын арызы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жанында жайгашкан сейил багы Турдуев Келдибай атындагы сейил багы деп макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |