Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры № 32-5
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Шамшиева Элмиранын жазган арызы жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Шамшиева Элмиранын жазган арызына негиз Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Шамшиева Элмиранын Көк-Жар айылдык кеңешинин атына жазган арызы канааттандырарлык деп табылсын
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш аылынын тургуну Шамшиева Элмиранын атасы (маркум) Шамшиев Абдисабырдын атына чыккан 2019-жылдын 25-февралындагы №16 сандуу токтому кызы Шамшиева Элмиранын атына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |