Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры № 32-7
“Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыны алып чыгуу баасын жана айылдардан таштанды ташып чыгаруу графигин бекитүү жөнүндө
“Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыны алып чыгуу баасын жана айылдардан ташып чыгуу графигин бекитүү жөнүндө Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл дык кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-мартында №26-8 токтому менен “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштанды ташып чыгаруу баасы, бир буума кабына 15(он беш) сомго бекитилип берилген бирок ушул он беш сом өзүн өзү актабай жаткандыгына байланыштуу таштанды ташып чыгаруу баасы бир буума кабына 20(жыйырма) сомдон бекитилсин жана ушул баа ченинде айылдардан ташылып чыгарылсын.
2. “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасы айылдардан таштанды ташып чыгуу графигин иштеп чыгуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө жана “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. “Көк-Жар-Тазалык” ишканасы жана Көк-Жар айыл өкмөтү менен биргеликте айылдарда таштанды баасын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин жана аткарууга алынсын.
4. Көк-Жар айыл өкмөтүнө жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адисине таштанды сактоочу жайды Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде даярдап жана тактап берүү жагы милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Туманов |