Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры № 32-8
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Исманова Гүлдардин жазган арызы жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Исманова Гүлдардин жазган арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Исманова Гүлдардин жолдошу Закиров Медетбектин азыркы учурда эки бөйрөгү иштебей бөйрөктөрүн тазалоочу аппарат(гемодиолизмге) муктаж болуп жаткандыгы үчүн турмуш шарты оор болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн бюджетинин резервдик фондунан 13 000(он үч миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин,бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |