Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры № 32-9
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жаңы көчөсүнө Матисманов Кочкор атындагы көчө деп ат коюу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жаңы көчөсүнүн жашоочуларынын арызын жана бул тууралуу Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамына ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жаңы көчөсүнүн жашоочуларынын арызы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жаңы көчөсүнүн аты Матисманов Кочкор атындагы көчө деп макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |