Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12 ноябры № 32-11
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн эки соц.адис кызматкерине республикалык бюджеттен каржыланган акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн эки соц.адис кызматкеринин айлык акысы, кеңсе буюмдары, сапардамалык жана байланыш кызматтары үчүн сарпталуучу чыгымдар республикалык бюджеттен каржылангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715-токтомуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн эки соц.адис кызматкерине карата республикалык бюджеттен ажыратылган акча каражатынан жыл ичинде үнөмдөлгөн суммасы толугу менен мамлекеттик казынага кайтарылып берилсин.
2. Жогоруда бекитилген акча каражатын мыйзам чегинде төлөп берүү максатында иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |