Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры № 32-13
Көк-Жар айыл өкмөтүнө карашатуу Көк-Жар айылынын тургуну Туманов Жаңыбайдын 0,18га жер тилкесин жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын тургуну Туманов Жаңыбайдын жазган арызына негиз жашап жаткан 0,33га турак жайы 2002-жылдагы жалпы системалык каттоого алынып кандайдыр бир себептер менен 0,18га жер аянтына токтом чыкпай калгандыгына байланыштуу Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамына ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар айылынын тургуну Туманов Жаңыбайдын жазган арызына негиз жашап жаткан 0,33га турак жайы 2002-жылдагы жалпы системалык каттоого алынып кандайдыр бир себептер менен 0,18га жер аянты токтом чыкпай калгандыгына байланыштуу токтом чыгарууга макулдук берилсин.
2. Иш кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |