Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-июлу № 2/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин негизинде Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысына Мадаев Гүлжигит Мырзамидинович жана Раимбеков Абдыганы Абылгазыевичтер Алай райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Бул сунушту карап, талапкер катары киргизип берүү жагы Аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Акаев |